Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жалал-Абад облусунун активи менен жолугушуусу

Бүгүн, 2013-жылдын 28-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн жумушчу сапары учурунда Жалал-Абад облусунун активи менен жолугуп, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан азыр оңой эмес учурду башынан өткөрүп жаткандыгын баса белгиледи. Ошентсе да өлкөнү өнүктүрүү үчүн бардык зарыл мүмкүнчүлүктөр жана шарттар бар. Кыргызстан өнүккөн өлкө боло алат жана болууга тийиш, бул үчүн мыйзамдуулукту, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу гана керек.

“Кыргызстанда бардыгы мыйзам чегинде гана болууга тийиш! Биз мыйзам менен жашаганга көнүшүбүз керек”, - деп баса белгиледи Алмазбек  Атамбаев.

Президент азыр айрым жарандар 3-октябрдагы окуялар боюнча сот процессине байланышкан суроолорду көтөрүп жаткандыгын белгиледи. “Бирок биз соттун чечимин күтүүбүз керек, анткени бул иш боюнча сот гана чечим чыгарганга укуктуу. Соттун чечими болгондон кийин гана мен, Мамлекет башчысы катары мыйзамга ылайык кандайдыр бир кадамдарды жасай алам”, - деп белгиледи ал.  

Депутаттардын үстүнөн сот ачык-айкын өтүп жатат, каалаган жалпыга маалымдоо каражатынын журналисттери ага катыша алат. “Келгиле, мыйзамды сыйлайлы, келгиле, сотту сыйлайлы, - деп дагы бир ирет баса белгиледи Президент. – Депутаттар да, министрлер да, карапайым жарандар да, Президент да – бардыгы мыйзамдын алдында бирдей болушу керек”.

Алмазбек Атамбаев өлкөдө жер-жерлерде охлократия (топтошкондордун бийлиги) идеясы таңуулануусу уланып жаткандыгын өкүнүү менен белгиледи. “Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө мындай болушун элестетүү кыйын, - деп белгиледи ал. – Биз, кыргызстандыктар өзүбүздү цивилизациялуу, татыктуу алып жүрүүгө, өз өлкөбүздү сыйлоого үйрөнүшүбүз керек”.

Ачык мисал катары ал жакында болуп өткөн окуяны айтып берди. Айылдардын биринде атка минер – коррупционер көз көрүнөө колго түшкөн экен. Аны бошотуу талабы менен бүт айыл көтөрүлгөн. “Эгерде биз өзүбүздү мындан ары да ушундай алып жүрсөк, анда цивилизациялуу өлкөнү эч качан кура албайбыз... Биз бардыгыбыз мыйзам алдында бирдей экендигибизди так, даана түшүнүп алышыбыз керек. Биз өнүккөн өлкө болушубуз керек жана болобуз!”.

Алдыда боло турган шайлоолор жөнүндө айтып, Президент дагы бир жолу мындай деп баса белгиледи: “Бийликти самагандардын бардыгы шайлоолорго даярдансын. Кийинки шайлоолор мурункуларына караганда ачык-айкыныраак, тазараак, демократиялуураак болуусу керек, - деп ишендирди ал жалал-абаддыктарды. – Биз буга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз!”.

“Менин жалгыз максатым – Кыргызстанды сактап калуу!”. Кыргызстан бутуна турат жана өнүккөн өлкө болот, - деп ишенимдүү белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Жалал-Абад облусунун тургундарына өлкөдө ири энергетикалык долбоорлор жүзөгө ашырыла баштагандыгын айтып берди. Ал Япония өлкөсү Кыргызстанга өлкөнүн түштүк жана түндүк облустарын бириктире турган альтернативалуу жолду куруу үчүн каражат бөлүп берүүгө даяр экендигин белгиледи.

Тилекке каршы, бизде ийгиликтер болушун каалабаган көрө албастар аз эмес. Бирок эч нерсеге карабастан Кыргызстанда жакшы жылыштар бар. Үч жылдын ичинде пенсия үч эсе көбөйтүлдү. Бизге ушул куру жана керексиз саясый оюндардын бардыгын таштап, иштөө гана керек! Бизге элдин биримдиги керек, ошондо өлкөнүн өнүгүүсү сезилерлик реалдуулук болуп калат.  

Жалал-Абад облусун экономикалык өнүктүрүү маселелерине кайрылып,  Алмазбек Атамбаев ири сугат каналы тармагындагы курулуш долбоору аягына чыгарына аз калгандыгын белгиледи. “Быйыл, Кудай буюрса, биз бул маанилүү курулушту бүтүрөбүз”, - деп айтты ал. Ал облуста уникалдуу өндүрүш – ферроэритүү заводунун курулушу белгиленгендигин да эске салды. “Бизге өлкөбүздү тартипке келтирүү керек, - деп билдирди Мамлекет башчысы активге, - ал эми бул тартип ар бир үйдөн, ар бир көчөдөн, ар бир жарандан башталат”.    

Бизде олуттуу долбоорлор, чече турган чоң милдеттер бар. Алардын маанилүү бөлүгү кабыл алынган өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясында чагылдырылды. Президент өзү Мамлекет башчысынын кызматында турган учурдун аягына алардын көп бөлүгүн чечип кеткиси келерин, өлкөдө чоң ГЭСтердин, жаңы сугат каналдарынын курулуштары, өндүрүштөр иштей башташын, Кыргызстан 2017-жылга башка өлкө болуп калышын кааларын белгиледи.

Өз сөзүнүн аягында Президент Жалал-Абад облусунун активинин суроолоруна жооп берди. Алар биринчи кезекте, облустагы да, өлкөдөгү да экономикалык долбоорлорго тийиштүү болду. Адамдар өлкөдө мыйзамдуулукту жана тартипти сактоонун зарылдыгы жөнүндө айтышты.

Облустун активи менен аңгемелешкенден кийин Президент Алмазбек Атамбаев азыр соттук териштирүүсү жүрүп жаткан депутаттардын таламын талашкан жарандардын тобу менен жолукту. Мамлекет башчысы алардын талаптарын кунт коюу менен угуп, биз бардыгыбыз соттун чечимин күтүүбүз керектигин дагы бир жолу белгиледи.

Андан ары Мамлекет башчысы жаңы аскер бөлүгүнүн салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Ала-Бука районуна жөнөп кетти.

 

2013-жыл 28-март