Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун аксакалдарын кабыл алды

Бүгүн, 2013-жылдын 16-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун аксакалдарын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар Президентке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов соттолуучу катары өтүп жаткан 3-октябрдагы окуяларга байланыштуу сот процессине көмөктөшүп коюу өтүнүчүн билдиришти.

Президент Алмазбек Атамбаев сот процесси мыйзам чегинде гана жүрүүгө тийиш, анын ишине кийлигишүүгө укугу жок экендигин белгиледи. Бул иш боюнча бир гана соттун чечими чыгууга тийиш.

Жолугушууда өлкөдөгү жагдай тууралуу пикир алмашышты. Тактап айтканда аксакалдар 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын  туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу өлкөбүздү өнүктүрүүгө зор түрткү берээрин  белгилеп өтүштү.

Мындан тышкары аксакалдар өлкөнүн түндүк жана түштүк облустарын бириктирип турчу альтернативалуу экинчи автожол салуу долбоорунун стратегиялык маанисин баса белгилешти.

Аксакалдар өлкөдөгү стабилдүүлүк энергетика жана башка тармактардагы  болжолдонуп жаткан ири улуттук долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана гүлдөп өсүшүнө өбөлгө болоорун баса белгилешти.

Жолугушууга Адыш Кочкоров – облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы, эмгек ардагерлери – Капар Усубалиев, Бекболот Ибраимов; Ахматжан Калмурзаев – Кеңеш айыл округунун ардагерлер Кеңешинин төрагасы, Дөөлөт Эргешов – Сузак районундагы Барпы айылындагы мектептин директору, Апсатар Сыргабаев – жеке ишкер, Абдыжапар Тагаев – коомдук ишмер  катышышты.  

 

2013-жыл 16-март