Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуяларынын 11 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жолдоду

Бүгүн, 2013-жылдын 16-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Аксы окуяларынын 11 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда мындай деп белгиленет:

«Урматтуу мекендештер!

Кылым карыткан тарыхыбыздын эң татаал учурларында чындык, калыстык, өлкөбүздүн эгемендиги үчүн карапайым мекендештерибиз өз жанын аяган эмес.  

Ата-бабалардын эрдигин кайталап, бийликтин адилетсиздигине биринчи болуп аксылыктар туруштук берген. Бүгүн каргашалуу ал окуялардан 11 жыл өткөн соң, ошондо Аксы эли эрдик көрсөтпөсө Кыргызстандын келечеги кандай болорун айтыш кыйын эле.

Ошол учурдагы бийлик өз элине каршы курал колдонуп, Кыргызстандын тагдырына балта чапканга аракет кылган.  Алты жараныбыз жаракаттан курман болуп, бир мекендешибиз саясый ачкачылык жарыялап көз жумган.

Урматтуу мекендештер!

Аксы окуяларында жана 2010-жылдын апрелинде кырчындай өмүрүн кыйып, келечек, Кыргызстандын эркиндиги, адилеттик үчүн шейит кеткендерди унутууга акыбыз жок. 

Эл өз баатырларын эч качан унутпайт!

Биз Аксы жана апрель баатырлары эңсеген адилеттүү, күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды курууга милдеттүүбүз!

Кайсы бир бузуку күчтөргө, саясатчыга алданып, элибиздеги – жерибиздеги тынчтыкты, ынтымакты жоготуп албайлы.

Кудайдын колдоосу менен, биргелешип өлкөбүздү өнүгүү жолуна салалы! Кыргызстандын жаркын келечегин курууга бирге аракет кылалы!”

 

2013-жыл 16-март