Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Австриянын Президенттери 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жөнүндөгү фотокөргөзмөнү көрүштү

Бүгүн, 2013-жылдын 15-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде 2010-жылдын 7-апрелиндеги - Элдик апрель революциясы күнүндөгү окуялар жөнүндөгү фотокөргөзмөнү көрүп чыгышты.

Мамлекет башчыларын алардын жубайлары да коштоп жүрүштү.

Алмазбек Атамбаев Хайнц Фишерге 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана Кыргызстандын эли демократиялык мамлекет куруунун дагы бир мүмкүндүгү үчүн кандай чоң кун төлөгөндүгү жөнүндө айтып берди.

Көргөзмөдө фотографтар Вячеслав Оселедко менен Игорь Коваленконун эмгектери коюлган.

Аягында Хайнц Фишерге көргөзмөдөн фотоальбом берилди. Ошондой эле ал музейдин Ардактуу меймандарынын китебинде эстелик кол жазмасын калтырды.

Ушуну менен Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишердин расмий сапары аяктады.

 

2013-жыл 15-март