Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндөгү Жобону «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында жумушчу топ түзүлдү

2013-жылдын 14-мартында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-октябрындагы №473 «Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндөгү Жобону, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралу» Жарлыгын  «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топко бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-октябрындагы №473 «Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндөгү Жобону, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды.

 

2013-жыл 15-март