Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын жана Австриянын Президенттери биргелешкен жыйынтык пресс-конференция өткөрүштү

Бүгүн, 2013-жылдын 14-мартында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишердин расмий сапардын жыйынтыктары боюнча биргелешкен пресс-конференциясы өттү.  

Алмазбек Атамбаев Австриядан келген жогорку меймандарды тосуп алгандыгына өтө кубанычта экендигин белгиледи. “Сүйлөшүүлөрдүн учурунда биз көп маселелерди талкууладык жана бардык талкууланган темалар боюнча толук өз ара түшүнүшүүгө келдик. Мен бул сапар биздин өлкөлөрүбүз ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдөгү жаңы этап болуп калат жана бул реалдуу экономикалык долбоорлорго келип куюлат деп ойлойм”, - деп баса белгиледи Президент.

Кыргызстандын башчысы Австриянын Федералдык Президентине анын өлкөсүнө келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазылыгын билдирди.

Өз кезегинде Хайнц Фишер Кыргызстанга келип кетүүгө чакырык үчүн жана көрсөтүлгөн эң жылуу кабыл алуу үчүн ыраазылыгын билдирди. Ал Австриядан келген делегациянын курамында 70тен ашык көрүнүктүү ишкерлер, банкирлер, эксперттер бар экендигин белгиледи.

Хайнц Фишер Австрияда көз карандысыз Кыргызстандын жана жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнүн калыптануу тарыхын зор кызыгуу менен байкап турушат деп айтты. “Биз Борбор Азия аймагы бүткүл Европа үчүн маанилүү болуп саналарына бекем ишенебиз. Биз Борбор Азиянын чечкиндүү түрдө демократиялык өнүгүүнү колдоону жар салган Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрү менен эң тыгыз мамиледе болгубуз келет”.

Австриянын Президенти ошондой эле бир-бирибизден үйрөнүүгө жана ак ниет кызматташууну улантууга биргелешкен өнөктөштүк үчүн көптөгөн мүмкүндүктөр бар экендигин белгиледи.

Андан соң мамлекет башчылары Австриянын жана Кыргызстандын журналисттеринин суроолоруна жооп беришти.

2013-жыл 14-март