Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын жана Австриянын Президенттеринин кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрү жүрдү

Бүгүн, 2013-жылдын 14-мартында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишердин кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрү жүрдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүнкү сүйлөшүүлөр биздин дос өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүндөгү жаңы этаптын башталышы болуп каларына ишенгендигин билдирди.

Кыргызстандын башчысы 2010-жылкы Кыргызстандын түштүгүндөгү кайгылуу окуялардан кийинки жардамы үчүн, ошондой эле өлкөбүздө парламенттик шайлоолорду жана референдумду өткөрүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

“Биз Австриянын колдоосун дайыма сезип турабыз. Дал референдумдан кийин Кыргызстан башка, парламенттик мамлекеттик түзүлүшкө өттү. Биз парламенттик-президенттик башкаруу формасын тандап алдык, анткени ал ачык-айкын, баарыдан мурда ал коррупциядан ачык-айкын. Ал өзүнө бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү мүмкүндүгүн камтыган”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы 2012-жылы Кыргызстан менен Австрия дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 20 жылдык мааракесин белгилегендигин эске салды. Бул жылдар ичинде жигердүү саясий диалог жүрүп, соода-экономикалык мамилелер кадамдап өнүгүп олтурду. “Кыйла тыгыз кызматташууну кааласак да”, - деп белгиледи Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Австриянын социалдык-экономикалык чөйрөдөгү жетишкендигине суктанарлыгын айтты. Өлкө ИДПны калктын жан башына эсептегенде дүйнөнүн биринчи 20 өлкөсүнө кирет. Жалпы европалык кризистин фонунда Австрия экономиканын өнүгүүсүн сактап кала алды. 

“Мүмкүн, демократия, мисалга, митингдер жаатында, биз Австрияны кууп өтүп кеткендирбиз, - деп тамашалады Алмазбек Атамбаев, - бирок экономикалык өнүгүү жагынан биз азырынча абдан арттабыз”. Президент Федералдык Президент Хайнц Фишерге ал ушундай олуттуу делегация менен келгендиги үчүн ыраазылык билдирди. Кыргызстан көптөгөн европалык өлкөлөр менен визасыз режим киргизгендигин, алардын катарында Австрия да бардыгын эске салды.

Ал Кыргызстанда Караколго жакын австриялык инвестор курууга жардам берген тоолыжа базасы ийгиликтүү иштеп жаткандыгын белгиледи. “Эгерде бизге ушундай инвесторлор келсе биз ийгиликтүү өнүгөбүз”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев. Ал ошондой эле Кыргызстан австриялык бизнеске өлкөнүн тоо-кен тармагындагы, туризм жана айыл чарба чөйрөсүндөгү долбоорлор кызыктуу болот деген үмүттө экендигин белгиледи.

Биздин эки өлкөбүз тең башкаруунун парламенттик формасын өнүктүрүүнү тандап алды. “Биз - анча чоң эмес тоолуу өлкөлөрбүз, бизде көп окшоштуктар бар. Бирок биз Австриядан көп нерсени үйрөнгүбүз келет, мамлекетти башкаруу саясатын гана эмес, ошондой эле экономиканы да”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

“Сиздин сапар - бул жөн гана формалдуулук эмес, ал биздин өлкөлөр ортосунда кызматташууну өнүктүрүүгө түрткү берерине ишенем”, - деп баса белгиледи Кыргызстандын Президенти.

Жооп сөзүндө Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишер мындай деди:

“Өзүм мында Кыргызстанда болгон алгачкы мүнөттөрдөн эле мен сиздердин биздин өлкөгө болгон ызаатыңыздарды сездим. Австрия Евросоюздун жигердүү жана жакшы өнүккөн мүчөсү болуп саналат. Кыргызстан сапар үчүн өлкө катары бекеринен тандалып алынган жок, - деп баса белгиледи Австриянын Президенти. – 1992-жылдан, биздин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан баштап эле биз Борбор Азия аймагынын стратегиялык маанилүүлүгүн түшүнгөнбүз. Бул аймактын өлкөлөрү олуттуу жана татаал көйгөйлөргө тушугууда жана Евросоюз бул процесстен четте кала албайт. Биз бул стратегиялык маанилүү аймактагы жана атап айтканда, Кыргызстандагы саясий жана экономикалык туруктуулукка кызыкдарбыз. Биз кандайдыр бир душмандык күчтөрдүн таасирине жол бербөөбүз керек”.

Андан ары Хайнц Фишер туруктуулук жөнүндө айтканда ал Кыргызстандагы жана аймактагы азыркы кырдаалдын өзгөрбөстүгүн айтып жатпагандыгын баса белгиледи. “Тескерисинче, - деп белгиледи Австриянын Президенти, - эгерде өлкө туруктуулукка жетүүнү кааласа, ал өзгөрүүгө, өз өнүгүүсүндө дайыма жылып турууга тийиш. Ушинтип гана кадам артынан кадам таштап, бакубаттыкка жетишүүгө мүмкүндүк бар”.   

Австрия демократияны өнүктүрүүдө көп жылдык тажрыйбага ээ. Анын тарыхында да Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде тоталитардык Германиянын бөлүгү болуу менен өз демократиясын жоготкон учуру болгон. Бирок согуш бүткөндөн кийин Австрия саясый туруктуу жана экономикалык байманалуу өлкө болуп калды.

Кыргызстан менен кызматташуунун экономикалык өңүтү жөнүндө айтуу менен Хайнц Фишер ниеттердин олуттуулугуна Федералдык Президент менен Бишкекке ынандыруучу делегациянын келген фактысы күбө өтүп тургандыгын белгиледи. Анын курамында ишкерлер, экономикалык эксперттер, Австриянын банктарынын өкүлдөрү бар. “Биз экономикалык кызматташтык жана өнүгүү чөйрөсүндө конкреттүү долбоорлорду максат кылабыз, - деп белгиледи сөзүн жыйынтыктап Хайнц Фишер, анткени кийинки күнү кыргыз-австриялык биргелешкен экономикалык форум өтөт. Анда бул долбоорлор кеңири талкууланмакчы. – Вена экономикалык кызматташтыктын жана бүткүл Евросоюздун көңүл борборунун эң мыкты түйүнү боло алат!"

2013-жыл 14-март