Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Австриянын Президенттери тар чөйрөдө сүйлөшүштү

Бүгүн, 2013-жылдын 14-мартында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишер менен тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрү жүрдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Австрия Республикасынын жогорку делегациясын меймандос кыргыз жеринде урматтап тосуп алды. Ал Австрия элинин дүйнөлүк маданиятка кошкон баа жеткис салымын өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишер башында турган жогорку делегациянын бул сапары эки өлкөнүн мамилелерин өнүктүрүүгө жаңы дем берери талашсыз экендигине ишенгендигин билдирди.

Андан ары делегациялардын жолугушуусу кеңейтилген курамда уланат.

2013-жыл 14-март