Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстанга Австриянын Федералдык Президенти биринчи ирет расмий сапар менен келди

Бүгүн, 2013-жылдын 14-мартында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишер менен расмий жолугушуу аземи башталды.

Эки президенттин жолугушуусунун расмий аземинен,  ардак кароолдун саламдашуусунан,  Австриянын  делегациясын кабыл алып жаткан тарапка тааныштыргандан кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр үчүн залга багыт алышты.

Көз карандысыз Кыргыз Республикасынын тарыхында – бул Австрия Республикасынан жогорку деңгээлдеги биринчи сапар.

 

2013-жыл 14-март