Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекке Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишер келди

Бүгүн, 2013-жылдын 14-мартында, саат 15:35де «Манас» эл аралык аэропортуна башында Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишер турган расмий делегация бар самолёт конду.

Аэропортто жогорку меймандарды Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Австриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лидия Иманалиева жана башка расмий адамдар тосуп алды.

Көз карандысыз Кыргыз Республикасынын тарыхында – бул Австрия Республикасынан жогорку деңгээлдеги биринчи сапар.

 

2013-жыл 14-март