Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Си Цзиньпинди КЭРдин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады

Бүгүн, 2013-жылдын 14-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы кызматына шайлангандыгына байланыштуу Си Цзиньпиндин дарегине куттуктоо жөнөттү.

Атап айтсак, куттуктоодо өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө Кытай менен достук, жакшы коңшулаштык жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүүгө жана чыңдоого Кыргызстан даяр экендиги жөнүндө айтылат.

2013-жыл 14-март