Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты

Бүгүн, 2013-жылдын 14-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Шамиль Атахановдун, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Абдулда Суранчиевдин, Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри Алисбек Алымкуловдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевдин ант берүү аземине катышты.

Мамлекет башчысынын 2013-жылдын 2-мартындагы жарлыктарына ылайык, Шамиль Атаханов Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Абдулда Суранчиевдин Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, Алисбек Алымкулов - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри болуп дайындалышкан.

Өлкөнүн Президентинин 2013-жылдын 7-мартындагы жарлыгы менен Султан Раев Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды.

Аземге ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев катышты.

 

2013-жыл 14-март