Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-февралда, өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушууда өлкөнүн тышкы саясатындагы быйылкы негизги артыкчылыктар талкууланды.

Эрлан Абдылдаев эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар маселелерди талкуулоо божомолдонуп жаткан  Кыргыз Республикасы – Европа Бирлиги кызматташтыгы боюнча Кеңештин алдыда боло турган 14-отурумуна катышууга даярдыктар жөнүндө айтып берди.

Министр ошондой эле Кыргызстандын Европа бирлиги менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги, Кыргызстан БПС+колдонуучу статусун алгандыгына байланыштуу Европа өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо тууралуу да баяндап берди.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын Европа бирлиги менен кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүнүн, ошондой эле ар кайсы чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду турмушка ашыруунун маанилүү экендигин белгиледи.

2016-жыл 10-февраль