Бүгүн, 2013-жылдын 30-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовго 75 жаш мааракесине байланыштуу куттуктоо жөнөттү.
Куттуктоодо мындай деп айтылган:
“Сиздин жетекчилигиңиз менен Өзбекстан көз карандысыздык жылдары ичинде социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдө, республиканын көп улуттуу элин бириктирүүдө жана эл аралык кадыр-баркын чыңдоодо кыйла ийгиликтерге жетти.
Сиздин мамлекеттик ишмердиктеги эң бай тажрыйбаңыз биздин мамлекеттерибиз ортосундагы жакшы коңшулаштык жана достук мамилелердин чыңдалышына өбөлгө түзөт деп ишенем”.