Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге Түштүк-Казакстан облусунда болгон учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2012-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевге Казакстандын Түштүк-Казакстан облусунда аскердик-транспорттук учактын кыйроосуна байланыштуу көңүл айтты. Кырсыкта Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилиги жана аскер кызматчылары кайтыш болду.

Мамлекет башчы Кыргызстан элинин атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшкөндүгүн билдирди.

 

2012-жыл 26-декабрь