Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекте балдар үчүн Президенттик жаңы жылдык балаты өткөрүлдү

Бүгүн, 2012-жылдын 26-декабрында, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен балдар үчүн Президенттик жаңы жылдык балаты өткөрүлдү.

Мектеп жашындагы балдарга «Кереметтүү түндүк» жаңы жылдык оюн-зоогу көрсөтүлдү. Балатыга Кыргызстандын бардык региондорунан 8 ден 13 жашка чейинки 800дөн ашуун бала келишти. Алар – окууда жана мектеп турмушунда ийгиликтери менен айырмаланган балдар, ошондой эле социалдык жактан аз корголгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ден соолугу аялуу өспүрүмдөр.

Жаңы жылдык спектакль бүткөндө окуучулар алдында Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы бала кезинде ал да, баардык балдардай эле, Жаңы жылды эң жакшы кыялдар жана жаркын тилек-үмүттөр менен тоскондугун белгиледи. “Жаңы жыл өзгөчө, жаркын майрам. Азыр дагы мен жаңы жылды жаңы ойлор менен тосуп жатам. Мен өлкөбүздүн керемет, күчтүү жана бейпил болушун каалайм, силер жакшы өлкөдө өсүшүңөрдү тилейм. Ушул мамлекеттен эч ким эч жакка кетүүнү каалабасын”, - деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы ден соолугу аялуу балдарга өзүнчө кайрылды. Эркинин жана өздөрүнүн кыялдарынын күчү менен алар сөзсүз турмушта өз ордун табат деген тилегин билдирди. Мисал катары Америка Кошмо Штаттарынын 32-чи Президенти Франклин Делано Рузвельттин атын атады. Ал АКШнын тарыхында Президент кызматына төрт ирет шайланган жалгыз мамлекет башчы болгон. “Рузвельт коляска менен жүргөн абалында турмушта көп максаттарды багыткан,”- деп эскертти А. Атамбаев.

Президент балдарды дайыма кыялданууга жана алдында чоң максаттарды коюуга, өздөрүнүн кыялдарына жетүүгө күнүгө өжөрлүк менен кадамдарды жасоого  үндөдү. “Эгерде силер өзүңөрдүн кыялыңарга бекем ишенсеңер, ал созсүз орундалат. Терең ишенип, максатты көздөй кадам жасоо керек. Менин жалгыз кыялым – өнүккөн, керемет өлкөнү куруу. Эсиңерден чыгарбагыла, Кыргызстан – бул силердин Ата мекениңер. Биз баарыбыз ушул өлкөдө гана бактылуу боло алабыз! Ылайым Жаңы жылда бардык жакшы тилегиңер ишке ашсын! Ата-энеңердин, жакындарыңардын сыймыгы болуп жүрө бергиле! Чың ден соолук, бакыт-таалай каалайм! Жаңы жылдык майрамда, дегеле турумушуңарда көңүл көкөлөткөн жакшы-жакшы окуялардын күбөсү болгула!”– деп баса белгиледи сөзүнүн соңунда Алмазбек Атамбаев.

 

 

2012-жыл 26-декабрь