Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Биз кыргызстандыктар “мезгил-мезгили менен өчүрүү” деген эмне экенин унутуп калгандай деңгээлге жетүүгө тийишпиз”

 

Бүгүн, 2012-жылдын 22-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев энергетиктерди кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын энергетиктеринин күнү менен куттуктады.  

Мамлекет башчысы “Энергетика өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат” жана жакынкы жылдарга азыркы системаны модернизациялоо жана ири энергетикалык долбоорлорду жүзөгө ашыруу милдети турат деп белгиледи.

“Сиздерге оор шарттарда иштөөгө туура келип жаткандыгын билем. Ондогон жылдар бою эскирген жабдуулар жаңыртылган эмес. Эгемендик жылдары миңдеген адистер өлкөбүздөн  кетип калышты.

Бирок, бардык кыйынчылыктарга карабастан, бүгүн эл сиздерден жогорку жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү күтөт. Биз кыргызстандыктар “мезгил-мезгили менен өчүрүү” деген эмне экенин унутуп калгандай деңгээлге жетүүгө тийишпиз. Элибиз жарыксыз жана жылуулуксуз калбашы керек”.

Президент энергетиктерге чың ден соолук, кыргызстандыктарды жарык жана жылуулук менен камсыз кылуу  боюнча ардактуу милдетин аткарууда чыдамкайлык жана күч-кубат каалады.

 

2012-жыл 22-декабрь