Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Газпром» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 20-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москвада «Газпром» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту.

Жолугушууда «Газпром» ААК компаниясынын Кыргызстандын газ секторуна инвестицияларынын конкреттүү пландары жана өлкөнүн керектөөчүлөрүн газ менен камсыздоо маселелерин чечүү боюнча кадамдары талкууланды.

Тараптар 10 күндүн ичинде «Кыргызгаз» ААКына жана Кыргызстандын газ-транспорттук инфраструктурасына инвестициялар боюнча биргелешкен иш-аракеттердин планын бекитүү макулдашылды.

Ушуну менен мамлекет башчысынын Россия Федерациясына иш сапары аяктады.

2012-жыл 20-декабрь