Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 20-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Чекисттин күнү менен куттуктайм!

Бүгүн улуттук коопсуздук органдарынын алдында татаал милдеттер турат. Бул – коррупция, эл аралык терроризм, сепаратизм, диний экстремизм, улутчулдук жана региончулук менен күрөшүү. Өлкөнүн мамлекеттик чек араларын бекемдөө маселелерин да чечүү керек.

Мындай милдеттерди аткаруу мекенчил, өз ишине дасыккан ак ниет адамдардын гана колунан келээрин бардыгыбыз түшүнөбүз. Бүгүн Кыргызстан аларга муктаж. Бизге өлкө үчүн, анын кызыкчылыгы үчүн иштеп берүүгө жөндөмдүү чыныгы атуулдар керек.

Сиздер өзүңөрдү асыл ишке – кыргыз мамлекеттүүлүгүн, биздин эгемендикти коргоого жана чыңдоого арнап жатасыздар. Мен сиздер мыйзамды жана адилеттикти коргоо менен өз парзыңарды татыктуу аткарасыздар деп үмүттөнөм. 

Сиздерге ийгиликтүү кызмат өтөөнү, ден соолук жана бакубатчылык каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                          Алмазбек Атамбаев

2012-жыл 20-декабрь