Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйналышына катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 19-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москвада, Чоң Кремль Сарайында Евразиялык экономикалык шериктештиктин мамлекет башчылар деңгээлиндеги 35-жыйналышына катышты.

ЕврАзЭСтин ишине ошондой эле Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон катышышты.

Жыйналышты Мамлекеттер аралык кеңештин төрагасы Владимир Путин ачып, ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин өз ара алакасынын орчундуу көйгөйлөрүнө токтолду. Мамлекет башчылары шериктештиктин алкагында интеграцияны өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты. 

Мамлекеттер аралык кеңештин жыйналышында төмөнкү маселелер каралды:

- ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин катчылыгын оптималдаштыруу жөнүндө;

- 2011-2012 - жылдарда  шериктештиктин «Инновациялык технологиялар» деп аталган мамлекеттер аралык максаттуу программасын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө;

- «Уран казып алуу өндүрүшүнүн таасирине тушуккан, ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» деп аталган мамлекеттер аралык максаттуу программа жөнүндө;

- ЕврАзЭСтин Эл аралык иш-аракетинин концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш чаралардын мерчемин аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана башка бир катар маселелер.

Күн тартибин кароонун жыйынтыктары боюнча ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин катчылыгын жана ЕврАзЭСтин 2013-жылга бюджетин оптималдаштыруу жөнүндө чечимдер кабыл алынды.

Ошондой эле уюштуруу мүнөзүндөгү бир катар чечимдерге кол коюлду. Атап айтсак, ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралык кеңешинин Төрагасы жана Төрагасынын орун басары жөнүндө, шериктештиктин Интеграциялык комитетинин Төрагасы жөнүндө.

ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралык кеңешинин мамлекет башчылар деңгээлиндеги кезектеги жыйналышын 2013-жылы Москвада өткөрүү чечими кабыл алынды.

2012-жыл 19-декабрь