Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Москвада «Манас» эпосуна арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 18-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россияга иш сапарынын алкагында эл аралык илимий-практикалык конференцияда баяндама жасады.

“Манас” эпосу – дүйнөлүк эпикалык маданияттын эстелиги” аттуу форум М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде өттү.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы, атап айтканда, мындай деди: “Миллиондогон кыргызстандыктар үчүн «Манас» эпосу – бул жол көрсөтүүчү жылдыз, ал миңдеген жылдар бою жашоонун үзгүлтүксүз айлампасында бизге өз жолубузду табууга жардам берип келет. Анда эч нерсеге карабастан дайыма жашоо укугу үчүн, азаттык жана көз карандысыздык үчүн, өзүнүн мамлекеттүүлүгү үчүн күрөшүп келген менин элимдин тарыхы камтылган”. 

Кыргыздар өзүнүн руханий маданиятын миңдеген жылдар бою адамдын эс-тутумунда сактап келе алышкан. Ал ушунчалык ишенимдүү болгондуктан, биздин күндөргө чейин «Манас» эпосунун миллионго жакын сабын жеткирди”.

Андан ары Алмазбек Атамбаев: “Эпостун азыркы баяндалуусу – бул таланттуу манасчы-акындардын көптөгөн муундарынын чыгармачылык күч-аракеттеринин натыйжасы. «Манас» баатырдык эпосу анда баяндалган окуялар реалдуу негизге ээ экендиги менен да кымбат”, -деп белгиледи.

Окумуштуулар мындай поэтикалык эстелик кыргыздардан башка бир дагы элде жок экендигин белгилешкен. Ал эми кыргыз адабиятынын классиги Чыңгыз Айтматов: “«Манас» эпосу кыргыз рухунун жаркыраган туу чокусу катары жашай берет”, - деп баса белгилеген.

«Кыргызстандыктар, качандыр бир өткөндөгү биздин ата-бабаларыбызга окшоп, узак мезгил бою, дүйнөдөгү өз ордун, өз өнүгүү жолун издөөнүн үстүндө болушту,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев өз баяндамасында. – Бүгүн Кыргызстан демократияны куруп жатат. Биз ушул жолду тандап алдык жана ал бизди гүлдөп-өнүгүүгө алып келерине ишенебиз. Бизге бабабыз Манас керез кылгандай, биз Кыргызстандын көп улуттуу элинин биримдигин, өз мамлекеттүүлүгүбүздү сактообуз керек. Бул жолдо биз жалгыз эмеспиз – биз менен биздин бардык досторубуз жана өнөктөрүбүз бар. Биздин тарыхыбыз бир, келечегибиз да бир болот деген үмүттөмүн”, - деп жыйынтыктады сөзүн Президент.

Президент белек катары М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин китепканасына «Русские имена тюркского происхождения» деген китепти тапшырды.

Эл аралык илимий-практикалык конференцияда Москванын, Санкт-Петербургдун, Алтайдын, Татарстандын жана Якутиянын бир катар ири ЖОЖдорунан жана илимий борборлорунан 120дан ашык катышуучу, ошондой эле Азербайжандан, Түркиядан, Украинадан, Кыргызстандан окумуштуулар, студенттер жана Россиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышып жаткандыгын белгилейбиз.

2012-жыл 18-декабрь