Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйналышында (мамлекет башчылар деңгээлинде) жана ЖККУ Жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясында катышат

Бүгүн, 2012-жылдын 18-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Москвага учуп кетти.

Иш сапардын жүрүшүндө Президент Евразиялык экономикалык коомчулуктун Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйналышында жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясында катышат.

Алдыдагы ЖККУ ЖКК отурумунда Кыргызстан Казакстандан ЖККУ төрагалыгын кабыл алат.

Ошондой эле, жыйналыштардын алкагында Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭС жана ЖККУнун алкагында кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулоо пландаштырылууда.

М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде өтө турган “Манас” эпосу – дүйнөлүк эпикалык маданияттын эстелиги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда мамлекет башчысынын катышуусу күтүлүүдө.

Москвага иш сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.

2012-жыл 18-декабрь