Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйналышында катышып жатат

Бүгүн, 2012-жылдын 19-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москвада, Чоң Кремль Сарайында, ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйналышында катышып жатат.

Уюмдун Башкы катчысы Николай Бордюжа ЖККнын сессиясында ЖККУдагы иштердин абалы жөнүндө маалымат берди жана кол коюу үчүн сунушталып жаткан документтер тууралуу айтты.

ЖКК жыйналышы андан ары чакан курамда, анын ичинде айрым маселелер боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин катышуусунда жана пленардык жыйын форматында өтмөкчү.

Жолугушууда эл аралык абалдын тенденциялары жана жамааттык коопсуздук тутумун өркүндөтүү, ЖККУнун аскердик түзүмүн 2020-жылга чейин өнүктүрүү боюнча чаралар, өзгөчө кырдаалдарга жамааттык чара көрүү тутумун өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланат. Катышуучулар Афганистандагы жагдайдын 2015-жылга чейинки орто мөөнөттүү келечекке өнүгүү болжолун түзүшөт, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын ЖККУнун ишине катышууну токтото туруу жөнүндөгү кайрылуусу тууралуу маселени карашат.

Сессияда кыргыз тарап уюмда төрагалык кылууну Казакстан Республикасынан өткөрүп алат. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев пленардык жыйында ЖККУнун ишинин 2013-жылдагы артыкчылыктуу багыттары жөнүндө билдирүү жасайт.

ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйналышынын күн тартибинде бардыгы болуп, 20га жакын маселе бар.

2012-жыл 19-декабрь