Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 1-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жарлыкка кол койду:

«Бабанов Өмүрбек Токтогулович берген арызына ылайык жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынан 19 жана 20-беренелерине ылайык токтом кылам:
Бабанов Өмүрбек Токтогулович 2012-жылдын 1-сентябрында берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруудан бошотулсун.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин убактылуу – Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Карашев Аалы Азимовичке жүктөлсүн.

Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет».

2012-жыл 1-сентябрь