Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Билим күнүнө арналган салтанатка катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 1-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» турак жай конушунун № 82-мектебинин салтанатына катышты.

Мамлекет башчысы баардыгын Билим күнү – жарык, кубанычтуу майрамы менен куттуктады. “Мен, өзгөчө бүгүн мектепке биринчи жолу келген балдарды, жана ошондой эле алардын ата-энелерин билим берүү жолундагы биринчи кадамынын башталышы менен куттуктап кетким келет! Билим жолу силердин жашооңорду дайыма ачып турсун, жаш кыргызстандыктар!”, - белгиледи Алмазбек Атамбаев.
“Сапаты бар билимдүү жаш адамдар – Кыргызстандын келечеги. Биз, чоң кишилер, биздин өсүп келеткан муун үчүн жооптуубуз!” - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент «Ала-Тоо» турак жай массивинин ушул мектебине келгенинин себебин айтты. Ушул мектептин кыйынчылыктары Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдары бою билим берүү тармагындагы пайда болгон кырдаалды күзгү сыяктуу көргөзүп турат.
“Бул жерде аз эмес кыйычылыктар пайда болду. Миңден өйдө балдар үч жүз кишиге ылайыкталган жерде окууга мажбур. Ошондуктан, биз эмки окуу жылдын башталышына ушул мектептин жаңы имаратын салып бүүтүнү чечтик”, - деди Алмазбек Атамбаев.
Аягында мамлекет башчысы мектепке жалпысынан 700 000 сом өлчөмүндөгү окуу жабдууларды жана китептерди тапшырды.

Маалымат: Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» турак жай конушунун № 82-орто мектеби 1996-жылдан тартып иштейт. Бүгүнкү күндө мектепте 1218 окуучу окуйт, 56 мугалим эмгектенет. Мектеп бир кабаттуу 250 орунга ылайык келген  жайларда жайгашкан. Мектеп үч сменада иштейт.

2012-жыл 1-сентябрь