Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринде айрым кадрлык дайындоолор жүргүзүлдү

Бүгүн, 2012-жылдын 1-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аркерлеринин кол башчысынын биринчи орун басары – Башкы штабдын зардалын жана кол башчысынын орун басарын дайындады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин буйруктарына ылыйык, Мусаев Рыскелди Жусупович КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысынын биринчи орун басарынын – Башкы штабдын зардалынын кызматынан бошотулду, ал эми Адашпасов Таалайбек Зулкарович КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.

Мамлекет башчысынын башка буйруктары менен, Мамбеталиев Искендербек Султанович КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысынын биринчи орун басары – Башкы штабдын зардалынын кызматына дайындалды, ал эми Арстанбеков Акылбек Советбекович КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысынын орун басары кызматына дайындалды.

 

2012-жыл 1-сентябрь