Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Үрүмчү шаарына (КЭР СУАР) учуп кетти

Иш сапар Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча 2012-жылдын 1-2 сентябрында өтөт.

Кыска мөөнөттүү сапардын алкагында, мамлекет бышчысынын КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Вэнь Цзябао менен жолугушуу пландаштырылып, ар кандай тармактарда приоритеттүү долбоорлорду ишке ашыруу, алардын ичинде «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун жана «Ош–Баткен–Исфана» автожолунун курулушунун практикалык кадамдары жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча мындан аркы иш-чаралар талкууланмакчы.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин «Кытай-Евразия» экинчи эл аралык көргөзмө ЭКСПОнун ачылышын аземинде негизги конок катары сүйлөөрү күтүлүүдө. Андан сырткары, КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Вэнь Цзябао менен көргөзмө павильондорун бирге көрүү пландаштырлган.

Маалымат: «Кытай-Евразия» ЭКСПО көргөзмөсү Кытай менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ар тараптуу жана көп профилдик кызматташтыкты мындан наркы кеңейтүү үчүн маанилүү платформа болуп эсептелет. «Кытай-Евразия» ЭКСПОсунда эл аралык нормадагы 2150 стандарттуу стендтер, 45 000м² ачык көргөзмө аянты орнотулат. Кыргыз Республикасы үчүн аталган жарманкеде катышуучу компаниялар ортосунда бөлүнө турган 135м² аянты бекер бөлүнгөн.
Көргөзмөнүн алкагында Кыргыз Республикасы менен тааныштыруу максатында «Кыргызстандын күнү» уюштурулуп, саясат, экономика жана маданият тармагындагы эң маанилүү жетишкендиктер көргөзүлөт.

 

2012-жыл 1-сентябрь