Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Вэнь Цзябао менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2012-жылдын 2-сентябрында, мамлекет башчысынын КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Вэнь Цзябао менен жолугушуусу болду.

Жолугушуу учурунда КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Вэнь Цзябао белгиледи: “Биз көп жолу жолугушканыбызга кубанычтамын. Ушул жылдын июнь айында Сиз Кытайга расмий сапар менен келдиңиз, ошондо ШКУ Саммитинде биз жемиштүү жолугушуу өткөрдүк. Үч айдан кийин биз бул жерде жолугуп атабыз. Бул Кыргызстандын Кытай менен кызматташууга кандай көңүл бургандыгынын көрсөткүчү болуп эсептелет”.

Өз кезегинде, мамлекет башчысы меймандостукка жана Кытай Эл Республикасы тарабынан жылдан жылга көбөюп жаткан көрсөтүлгөн жардамга ыраазычылык билдирди.

“Мен КЭР СУАРында биринчи жолумун, жана Үрүмчү шаарынын өнүгүү динамикасына таңкалдым. Эффективдүү жана акылман саясат болгондуктан КЭР региондорунун экономикасы туруктуу өнүгүп жатат”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Маалымат: «Кытай-Евразия» ЭКСПОсунда 30 дан ашык өлкөлөр катышууда, Ардактуу коноктор катары Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Мальдив Республикасынын Президенти көрсөтүлгөн. Премьер-министрлер дэңгээлинде 7 мамлекет көрсөтүлгөн - Казакстан, Тажикстан, Түркия, Афганистан, Улуу Британия, Нидерланды жана Камбоджа.

 

2012-жыл 2-сентябрь