Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу дайындалды

Бүгүн, 2012-жылдын 3-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Т.Ж. Кожобаев жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, Кожобаев Төлөнбай Жанибекович Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды.

2012-жыл 3-сентябрь