Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КМШ катышуучу-мамлекеттердин финансылык контролдоо органдарынын жетекчилерин кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 4-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев КМШ катышуучу-мамлекеттердин финансылык контролдоо органдарынын жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда мамлекет башчысы “Сиздер, энергетика тармагындагы аудит -  абдан маанилүү жана керектүү теманы талкулоого тандап алдыңар. Сиздердин ишиңер жемиштүү болот, деп ишенем”,-.деп белгиледи.

Президент Кыргыз Республикасынын Россия жана Казакстан менен биргелешкен энергетикалык долбоорлору бар экендигин белгилеп, алгачкы күндөн тартып аталган долбоорлорго биргелешкен аудит жүргүзүүнү сунуштады.

Өз кезегинде КМШ катышуучу-мамлекеттердин финансылык контролдоо органдарынын өкүлдөрү кабыл алууга ыраазычылык билдирип, Кеңештин дэңгээлинде дайыма коллегиялар өтүп, жыйындардын жыйынтыгы боюнча материалдар Кеңештин мүчө-мамлекеттердин башчыларына жиберилээрин белгилешти.

“Биз баарыбыз ар кандай мамлекеттерде жашаганыбызга карабастан, энергетика бириктирүүчү звено болуп эсептелет, биз баарыбыз кесиптик тилибиз бир”, – деди Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын төрагасы С.Степашин.

Маалымдама: Кыргыз Респбликасынын Президенти менен жолугушууга КМШ катышуучу-мамлекеттердин финансылык контролдоо органдарынын жетекчилери катышты – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы С.Молдокулов, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын төрагасы С.Степашин, Казакстан Республикасынын республикалык бюджетин аткаруусун контролдоо боюнча Эсептөө комитетинин төрагасы О.Оксикбаев, Украинанын Эсептөө палатасынын төрагасы Р.Магута, Беларусь Республикасынын мамлекеттик контролдоо Комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Л.Анфимов, Молдова Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын орун басары Т.Шойту, Тажикстан Республикасынын мамлекеттик финансылык контролдоо жана коррупция менен күрөшүү боюнча Агенттигинин директорунун биринчи орун басары Т.Джобиров, Грузиянын мамлекеттик аудит Кызматынын башкы аудиторунун орун басары Ш.Таркхнишвили, Кеңештин Секретариатынын жетекчиси, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын тышкы байланыштар департаментинин директору Н.Парузин катышышты.

КМШ катышуучу-мамлекеттердин финансылык контролдоо жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңеши 2001-жылы түзүлүп, анын сессиялары жыл сайын өтүп, КМШ катышуучу -мамлекеттердин финансылык контролдоо жогорку органдарынын ишмердүүлүгү боюнча актуалдуу маселелер каралат. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы КМШ катышуучу-мамлекеттердин финансылык контролдоо жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин мучөсү. 2012-жылдын 5-6-сентябранда Чолпон-Ата шаарында КМШ катышуучу-мамлекеттердин финансылык контролдоо жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин «Электроэнергетикалык тармактагы аудитте КМШ катышуучу-мамлекеттердин финансылык контролдоо жогорку органдарынын ролу жана орду» темасы боюнча сессиясы өтөт.

2012-жыл 4-сентябрь