Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке Жогорку соттун судьялык кызматына 25 талапкерди сунуштады

Бүгүн, 2012-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына талапкерлерди тандоо боюнча Кеңеш тарабынан сунушталган материалдарды талдап чыгып, талапкерлердин ар бири менен жекече аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган кызматка шайлоо үчүн судьялыкка 25 талапкерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштама киргизди.

Ошол эле учурда, Президент “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Конституциялык Мыйзамдын ченемдерин жетекчиликке алып, судьяларды тандоо боюнча Кеңешке буга чейин сунушталган 7 талапкердин материалдарын кайра кайтарып берди.

Судьяларды тандоо боюнча Кеңеш 2012-жылдын 22-августунда Президенттин кароосуна Жогорку соттун судьялык кызматына жарыяланган конкурстун жыйынтыгы менен тандалып алынган 32 талапкер боюнча сунуш киргизгендигин эске сала кетели. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Президент он жумушчу күндүн аралыгында Жогорку Кенешке сунуш киргизет, өз кезегинде Жогорку Кеңеш сунуш келип түшкөн күндөн тартып эки жумадан кеч эмес мөөнөттө чечим кабыл алат.

 

2012-жыл 4-сентябрь