Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, мамлекеттик чек араны коргоону жана кайтарууну чыңдоо жана тышкы коркунучтарга каршы аракеттенүү максатында, ошондой эле аткаруу бийлигинин системасынын мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, Чек ара аскерлерин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына кайра өзгөртүп түзүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин карамагынан чыгарылды.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоону жана кайтарууну ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин бирдиктүү мамлекеттик органы болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу төрага башкарат. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын мамлекет башчысы тарабынан дайындалуучу төрт, анын ичинде бир биринчи орун басары болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу тиешелүү чечим кабыл алууга;
-ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди белгиленген тартипте чечүүгө;
-өз чечимдерин бул Жарлыкка ылайык келтирүү боюнча тапшырма берилди.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2012-жыл 5-сентябрь