Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа пресса үчүн билдирүү жасашты

Бүгүн, 2012-жылдын 19-декабрында, Москвада, ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кеңейтилген жыйналышынын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун Башкы катчысы Николай Бордюжа пресса үчүн билдирүү жасашты.

“Мен сессияда уюмдун аскердик түзүмүн күчөтө турган олуттуу чечимдер кабыл алынгандыгын белгилегим келет. Ошондой эле ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясын 2013-жылдын май айында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды”, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.

ЖККУнун ЖКК жыйналышынын жүрүшүндө күн тартибиндеги баардык маселелер каралды.

Бул жолугушууда Кыргыз Республикасы төрагалык кылууну Казакстан Республикасынан өткөрүп алды.

Андан ары ЕврАзЭСтин Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйналышы (мамлекет башчылар деңгээлинде) башталды.

 

2012-жыл 19-декабрь