Президент Алмазбек Атамбаев Жантөрө Сатыбалдиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду
Бүгүн, 2012-жылдын 6-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жантөрө Жолдошевич Сатыбалдиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.