Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн кызматынан бошотту

Бүгүн, 2012-жылдын 6-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бир катар Жарлыктарга кол койду.

Жарлыктарга  ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөндөгү мүчөлөрү милдеттерин аткаруудан бошотулду:

Асымбекова Гүльнара Үмөтовна мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин;

Беков Төрөгул Ниязович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин-Кыргыз Республикасынын министринин;

Жапаров Акылбек Үсөнбекович  мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын финансы министринин;

Казакбаев Руслан Айтбаевич  мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Тышкы  иштер министринин;

Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин;

Шадиев Аскарбек Алимбаевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин;

Сабиров Равшан Азатович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министринин.

2012-жыл 6-сентябрь