Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Афганистан боюнча БУУнун Башкы катчысынын Атайын өкүлү Ян Кубишти кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 6-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Афганистан боюнча БУУнун Башкы катчысынын Атайын өкүлү, Афганистанга көмөк көрсөтүү боюнча БУУнун миссиясынын башчысы Ян Кубиш менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар регионалдык коопсуздук, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана Афганистанга көмөк көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Президент Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринде этникалык кыргыздар жашап жаткандыгына көңүл буруп, аларга биргелешип жардам көрсөтүү жолдорун сунуштады. Афганистанда Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жоктугун жана келечекте Афганистанда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу керектигине токтолду. Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан катышкан «CASA-1000» долбоорунун маанилүү экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Ян Кубиш “Менин мандатымдын алкагында Афганистанга көмөк көрсөтүү маселелери боюнча региондогу өлкөлөр менен консультациялар өткөрүлөт”, - деп белгиледи.

2012-жыл 6-сентябрь