Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар кадрдык чечимдерге кол койду

 Бүгүн, 2012-жылдын 6-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бир катар кадрдык чечимдерге кол койду.

Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, Муканбетов Мурат Картайбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппатарынын Жетекчисинин биринчи орун басарынын кызматынан бошотулду.

Президенттин Жарлыгынын негизинде башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Сабиров Шухрат Маматалиевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын кызматынан бошотулду.

Президенттин буйругу менен башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Черноморец Виктор Викторович Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчисинин кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 6-сентябрь