Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Хуэй Лянъюйду кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 10-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Хуэй Лянъюй менен жолугушуу ѳткөрдү.

Жолугушуу учурунда мамлекет башчысы жакында Үрүмчүгө жасаган сапарынын жүрүшүндө жетишилген келишимдерге жогору баа берип, айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасады. Тактап айтканда, пахтаны кайра иштетүү, машина куруу жана азот семирткичтеринин заводдорун куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга. Андан сырткары, Кыргызстандагы ирригациялык системаны жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун маанисин баса белгиледи.

Президент «Кытай-Кыргызстан-Ѳзбекстан» темир жолунун курулушу жана «Бишкек-Нарын-Торугарт», «Ош-Иркештам-Сарыташ» автожолдорунун реабилитациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга Кыргызстан өзгөчө маани берээрин белгиледи.
Мамлекет башчысы ошондой эле КЭРнын элине жана жетекчилигине Кытайда болгон 7-сентябрдагы жер титирѳѳгѳ байланыштуу кѳңүл айтты.

Ѳз кезегинде КЭРдин Вице-премьери анын сапары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелеринин 20 жылдыгы жана бир тууган коңшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндө Келишимге кол коюлгандыгынын 10 жылдыгы белгиленген тушта  ѳтүп жатканына токтолду.

“Сиз ѳлкѳлѳрүбүздүн ортосундагы мамилелердин ѳнүгүүсүнѳ салым коштуңуз жана кошуп келе жатасыз. Биздин ѳлкѳлѳр - жакшы кошуна, мыкты достор жана чыныгы бир тууган” – деди Хуэй Лянъюй.

КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин Вице-премьери ошондой эле эки ѳлкѳнүн мамилелери жаңы деңгээлге кѳтѳрүлгѳндүгүн жана Кытай соода-экономикалык, айыл чарба, транспорт жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты ѳнүктүрүүгѳ кызыкдар экендигин белгиледи.

Тараптар ШКУнун алкагында  кызматташтуу маселелерин  дагы талкулашты.

 

2012-жыл 10-сентябрь