Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Малайзиянын экс-Премьер-министри доктор Махатхир Мохамадды кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 10-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Малайзиянын мурдагы Премьер-министри доктор Махатхир Мохамадды кабыл алды.

Жолугушуу учурунда мамлекет башчысы доктор Махатхир Мохамаддын Малайзиянын өнүгүүсүндөгү жана эки тараптуу мамилелердин чындоодогу ролун баса белгиледи.

“Мен Сиздин китептериңизди жана сөздөрүңүздү кунт коюп  окуп чыктым. Кыска убакыттын аралыгында Сиз Малайзия элинин турмушун бийик деңгээлге көтөрдүңүз” – деди Алмазбек Атамбаев.

2012-жыл 10-сентябрь