Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев чет өлкөлөрдө билим алган таланттуу жаштарга ай сайын төлөнүүчү стипендия белгиледи

Бүгүн, 2012-жылдын 10-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “ХХI кылымдын кадрлары” Президенттик билим берүү программасынын алкагында чет өлкөлөрдө окуган жана окууда, коомдук турмушта жетишкен жакшы натыйжалары үчүн Кыргызстандын таланттуу жаштарын колдоо максатында буйрукка кол койду.

Мамлекет башчысынын чечимине ылайык, чет өлкөлөрдө окуган таланттуу жаштарга 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып, 2013-жылдын 31 июлун кошуу менен 400 АКШ доллары өлчөмүндө ай сайын төлөнүүчү стипендия белгиленди.

2012-жыл 10-сентябрь