Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын колбашчысынын орун басарын дайындады

Бүгүн, 2012-жылдын 13-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Үрүстөмбаев Шайдылда Темирович Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын колбашчысынын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча орун басары болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка буйругуна ылайык, Аширов Раатбек Аматбекович Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын колбашчысынын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча орун басары кызматынан бошотулду.

2012-жыл 13-сентябрь