Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысынын Атайын ѳкүлү Мирослав Енчаны кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 14-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысынын Атайын ѳкүлү, Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча БУУнун Регионалдык борборунун башчысы Мирослав Енча менен жолугушуу ѳткѳрдү.

Жолугушуу учурунда Кыргызстанда улуттар аралык ынтымакташтыкты бекемдѳѳнүн мааниси баса белгиленди. “Кыргызстанда улуттук саясаттын концепциясы  иштелип чыгып, Коргоо кеңештин жыйынында каралат” – деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Элчи Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде коалициялык көпчүлүктүн өлкөнүн жаңы Өкмөтүнүн түзүлгөнүнө оң баа берип, ошондой эле судьялардын шайланышы КР Жогорку сотунун толук кандуу ишине негиз болот деп белгиледи.

Кыргызстан демократиялык багытта алдыга карай баратканына мен өтө кубанычтамын” – деп баса белгиледи Мирослав Енча.

2012-жыл 14-сентябрь