Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Япониянын Кыргызстандагы Элчиси Син Маруону кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 14-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Син Маруо менен дипломатиялык миссиясы бүткөндүгүнө байланыштуу жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Элчиге ыраазычылык билдирип, Япония Кыргызстанга эң оор мезгилдерде жардамын берип келгендигин баса белгиледи.

2012-жыл 14-сентябрь