Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 2012-жылдын 14-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин 20-сентябрда Бишкекте өтө турган Россиянын Президентинин сапарынын уюштуруу маселелерин жана бир катар маанилүү жагдайларды талкуулашты. Тактап айтканда, сапардын жүрүшүндө кол коюла турган маанилүү эки тараптуу документтердин даярдалышынын ыргагы канааттандыраарлык экендиги белгиленди.

Мамлекет башчылары КМШ мейкиндигинде интеграциялык өз ара аракеттенүү маселелери боюнча дагы пикир алмашышты.

2012-жыл 14-сентябрь