Бүгүн, 2012-жылдын 15-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын жаңы курамы менен жолугушуу ѳткѳрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Жогорку соттун судьяларынын шайланышы - жакшы окуя, анткени сот бийлиги ишин баштады.
“Соттор таза, көз карандысыз жана акыйкат болушу керек. Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн таза иштегиле. Өлкөдө соттор акыйкат болууга тийиш”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев дагы катышышты.