Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын жетекчиси Владимир Проничевди кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 17-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын ФКК Чек ара кызматынын жетекчиси армиянын генералы Владимир Проничев менен жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын Чек ара кызматы менен Россиянын Чек ара кызматы ортосундагы кызматташтыктын бекемдөөсү маанилүү экендигин белгилеп, көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылык  билдирди. Жолугушуу учурунда мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды.

2012-жыл 17-сентябрь