Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди Россиянын Президенти Владимир Путин туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 17-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин туулган күнү менен куттуктады.

Россиянын мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын дилимен чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз.

Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу ишмердигиңизде ийгилик каалайм.

 Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук мамиле жана стратегиялык өнөктөштүгү өлкөлөрүбүздүн жыргалчылыгы үчүн жана Борбордук Азияда стабилдүүлүктү жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында мындан ары дагы ийгиликтүү улантыла берээрине ишенем.

Жакшы каалоо тилектерим менен,

Владимир Путин”

2012-жыл 17-сентябрь