Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын дилимен чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз.

Достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана бири бирибиздин кызыкчылыктарыбызды эске алуунун салттары мындан ары дагы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө жана тереңдетүүдө негизги роль ойнойт деп ишенем.

Жагдайдан пайдаланып, урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердигиңизде ийгилик каалайм.

Урматтоо менен,

Ислам Каримов”

2012-жыл 18-сентябрь