Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев туулган күнү менен куттуктады

Куттуктоо телеграммасында мындай деп белгиленет:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Туулган күнүңүз менен чын дилимен куттуктайм.

Казакстан боордош Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлөт. Эки мамлекет ортосундагы улам тереңдеп бара жаткан саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар мунун жакшы далили.

Быйыл август айында мен Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен барганымда жана Жогорку Мамлекеттераралык Кеңешинин үчүнчү жыйынында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы бир туугандык мамилени мындан ары тереңдетүүгө көмөктөшөөрүнө ишенем.

Сизге, Алмазбек Шаршенович,чың ден соолук жана жооптуу ишмердигиңизге ийгилик, ал эми боордош Кыргызстан элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм.

Урматтоо менен,

Нурсултан Назарбаев”

2012-жыл 18-сентябрь