Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Ибраев Жолдош Мамаевич Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.
Мамлекет башчысынын башка Жарлыгына ылайык, Иманалиев Эрмек Калмурзаевич Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.